Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Ноокатта прокуратура журналист өлгөн окуяны кайра тергөөгө киришти


Ноокат райондук прокуратурасынан маалымдашкандай, журналист Алмаз Ташиевдин өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин Ноокат райондук жана Ош облустук соттору териштирүү чала болгондугун белгилеп, кайра тергөөгө жөнөткөн. Ошол себептүү айыпталуучулар жана күбөлөр кайрадан сурала баштады. Бирок маркумдун туугандары мындай аракетке макул эместигин айтышууда. Өткөн жылдын 4-июлунда милиция кызматкерлери тарабынан катуу токмоктолгон журналист Алмаз Ташиев эртеси Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген, тилекке каршы, саламатчылыгы жакшырган эмес. 10-июлда Ош облустук ооруканасына жөнөтүлүп, шашылыш операция жасалган. Ошентсе да, мээси катуу чайкалгандыктан, эсине келбей жатып эки күндөн кийин көз жумган. (ATo)

XS
SM
MD
LG