Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Пакистанда кармалган америкалыктар күнөөсүн танууда

Пакистанда кармалган америкалык 5 жаран теракт пландашкан деген айыпты четке кагышты. Алар декабрдын башында Сардогха шаарында исламчыл согушкер топтор менен байланыш түзүүгө аракеттенген деген шек менен кармалышкан. Адвокаттардын айтымында, бүгүнкү сотто америкалыктар Ал-Кайида же башка согушкер топтор менен байланышканын моюнга алышкан жок. Алар Ооганстандагы "боордош мусулмандарга" жардам берүүнү көздөшкөнүн айтышты. Сот терроризм беренеси боюнча айып тагуу үчүн полицияга 2 жума берди.
XS
SM
MD
LG