Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:01

А.Акун: Салбурунду казактар менчиктеп алышы мүмкүн


Бул тууралуу «Салбурун» федерациясынын жетекчиси Алмаз Акун “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы катары улуттук оюн Салбурунду ЮНЕСКО уюмунан расмий түрдө каттатып албаса казак туугандар бул оюнду өздөрүнө менчиктеп алышы толук ыктымал. Ал ошондой эле мындай демилге менен ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы уюмунун мурдакы жетекчисине кайрылганы менен эч кандай жыйынтык чыкпаганын белгиледи.
Кыргызда жаа тартып, тайган агытып, куш салып аңчылык кылганды Салбурундеп келишкен. “Салбурун” федерациясы мындан төрт жыл мурда түзүлүп, кыргыздын унутулуп бараткан аңчылык жана башка улуттук оюнарын өнүктүрүп, келечекте спорттун түрүнө айлантууну максат кылышкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG