Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Барак Обама АКШнын чалгын кызматын сынга алды


Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама күч органдарынын жетекчилери менен өткөргөн жыйында АКШнын чалгын кызматтарын сынга алды. Алар «Ал-Каида» америкалык учакты жардырмакчы болуп жатканы тууралу маалымат алганына карабай андан тийиштүү жыйынтык чыгарган эмес, деп билдирди Б.Обама.

- Иштин акыры – АКШ өкмөтүнүн колунда бул кутумдун бетин ачып, Крисмаст күнкү ыктымал кол салууну мурда эле токтотууга зарыл баардык маалыматтар болгон. Бирок биздин чалгын кызматы ал маалыматтарды иштеп чыкпай, шектелүүчүнү АКШга учууга тыюу салынган адамдардын тизмесине кошкон эмес. Башкача айтканда, кемчилик маалымат топтоодон кеткен эмес, кемчилик – топтолгон маалыматтарды бириктирип, анын маанисин түшүнө албагандан кеткен, - деди президент.

Ал ошондой эле, мындан ары мындай кемчиликтер менен келише албастыгын айтып, аларды тез арада жоюуну тапшырды.

25-декабрда нигериялык Умар Фарух Абдулмуталлаб Амстердам-Детройт багытындагы учакты жардырмакчы болгондо кармалган болчу. Андан кийин АКШда аэропорттордо коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 4-январда болсо Вашингтон 14 мамлекеттен келген жүргүнчүлөрдү текшерүүнү катаалдатты.

XS
SM
MD
LG