Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Пакистанда базадагы жардыруудан 3 киши набыт болду


Пакистан армиясынын Кашмирдеги базасындагы жардыруу үч кишинин өмүрүн алды. Полициянын айтымында, талаштуу Кашмирдеги Пакистан көзөмөлдөгөн аймакта аскерлер жашаган баракта бомба жарылып, кеминде үч жоокер мерт болуп, ондон ашууну жараат алды. Азырынча ал жерде жанкечти өзүн-өзү жардырганы, же катылуу бомба жарылганы белгисиз. Октябрдын ортосунда Пакистан армиясы талиптерге каршы кеңири операция баштагандан бери Пакистанда 500дөн ашуун адам ар түрдүү чабуулдардын курмандыгы болду.

XS
SM
MD
LG