Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Вацлав Гавел Кытай диссидентин колдоо акциясына чыкты


Чех Республикасынын мурдагы президенти Вацлав Гавел кечээ Кытайдын Прагадагы элчилигинин алдына кытайлык укук коргоочу Луи Цзяобону колдоо акциясына чыкты. Ал коммунисттик доор учурунда куугунга кабылышкан башка эки замандаштары - актер Павел Ландонский жана епископ Вацлав Малу менен бирге элчиликке кат тапшырууга келишти. Вацлав Гавел журналисттерге Кытай бийлигинен укук коргоочуларды жана эркин ой жүгүрткөн алдыңкы адамдарды куугунтуктоону токтотууну суранарын айтты. Луи Жибао 1989-жылы Тяньянмэнь аянтында болгон окуяга катышканы үчүн өткөн жылдын 25-декабарында сот тарабынан 11 жылга кесилген болчу.

XS
SM
MD
LG