Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:55

Москвада өлтүрүлгөн эки аялдын биринин аты-жөнү тактала элек


Аты-жөнүн тактоо максатында анын сүрөтү Орусиядагы кыргыз диаспораларына жана Кыргызстандагы милиция бөлүмдөрүнө жиберилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров кечээ “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда киши колдуу болгон аялдардын биринин аты-жөнү такталган, учурда 36 жаштагы Ташболотова аттуу келиндин сөөгүн мекенине кайтаруу боюнча элчилик тарабынан аракеттер көрүлүүдө. Кыргызстандык эки келиндин өлүмү боюнча иликтөө -тергөө иштерин Москванын Кузьмин райондук ички иштер бөлүмү жүргүзүп жатат.
28-декабрда Орусиянын борборунда кыргызстандык эки келин киши колдуу болгон. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча кыргызстандык келиндерди алардын жердеши өлтүргөн деген шек бар.(ZKo)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG