Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Б. Рыскулова: Кризистик борборго жаңы жылда да кайрылгандар болду


“Сезим” кризистик борборуна жаңы жыл күнү да аялдар үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып кайрылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова бүгүн кабарлады. “Тилекке каршы айрым аялдар балдары менен жаңы жылды борбордон тосушту. Айрымдары ушул убакка чейин ушул жерде баш калкалап жатышат. Телефон чалуулар да көп болду”, - дейт Б. Рыскулова. Анын айтымында, өткөн жылы борборго үч миңден ашуун адам кайрылган. Алардын 80 пайызы үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандар.

2010-жылдан тартып “Сезим” кризистик борбору жабыркагандар менен гана эмес, күнөөлүүлөр менен да иш алып барат. Аларга психологдор менен бирге түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү. Ошондой эле ушул жылы аракечтик жана баңгичиликтин үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка тийгизген таасири боюнча жүргүзүлүп жаткан иликтөө жыйынтыкталат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG