7-январда миллиондогон ортодокс христиандар Юлиан календары боюнча Ыйсанын туулган күнүн майрамдашты. Москвада Сактоочу Хрис чиркөөсүндө Москванын жана бүтүн Орусиянын патриархы Кирилл кудайга сыйынуу жөрөлгөсүн башкарды. Ага президент Дмитрий Медведев жубайы менен катышты. Премьер-министр Владимир Путин болсо Волга жээгиндеги Кастомада болуп, майрамга катышты. Маалыматтар боюнча президент Д.Медведев 21 кылмышкердин жазасын жеңилдеткен документке кол койду.