Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Украинадагы шайлоого узак мөөнөттөгү 5 байкоочу көз салууда


Бул тууралуу “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Украиндагы президенттик шайлоонун биринчи туруна көз салуу үчүн Кыргызстандан аталган коалициянын атынан 14-январда 20 байкоочу барышат. Экинчи туруна дагы 20 байкоочу даяр. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы Украинадагы шайлоого байкоочулардын эл аралык ЕНЕМО уюму аркылуу байкоочулук кылат.
Маалыматтарга караганда, Украинада президенттик шайлоо 17-январда өткөрүлөт. Украинанын БШКсынын билдиришинче шайлоону өткөрүүгө 124,5 млн. доллар жумшалат. (AJ)

XS
SM
MD
LG