Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Каракчылык кылган милиционерлер кармалды


Ушул жылдын 6-январында Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан каракчылык жасаган эки милиционер кармалган. Алар Аламүдүн районун тургуну менен бирге ошол күнү кечинде Бишкек шаарынын жашоочусу Б. Сулаймановду сабап, анын автомашинеси менен чөнтөк телефонун, студенттик билетин тартып алышкан. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдайт.(AiJu)

XS
SM
MD
LG