Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:24

ICG: Кыргызстандагы түрмөлөрдө диний кырдаал күчөп баратат


Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан эл аралык кризисти иликтөө тобу өткөн айдын ортосунда кезектеги баяндамасын жарыялап, анда Кыргызстан менен Казакстандын түрмөлөрүндө исламчыл радикал-экстремисттик маанайдагы кыймылдардын мүчөлөрү аз болгону менен алардын санынын өсүп баратканы саясий деңгээлге жеткени айтылат. Топтун маалыматында, түрмөлөрдө Хизб-ут-Тахрир диний уюмунун мүчөлөрү кылмыш тобундагы “общактарга” кирип, өзүнүн таасирин күчөтүп, саясий стратегиялык максатты көздөп, ислам мамлекетин түзүүгө багытталган диний иш аракеттери абактагы башка адамдарга дагы терс таасирин бере турганы белгилеген.

Кризистик топтун баяндамасында Кыргызстан саясий-экономикалык реформа жүргүзүп жатабыз дегени менен ал турмушка ашпаганы айтылып, Ооганстанга эл аралык аскер күчтөрүнүн топтолушуна байланыштуу куралдуу топтордун экономикалык абалы оор коңшу өлкө тарапка өтүп кетүү коркунуч бар экендигин эскерткен. (AJ)

XS
SM
MD
LG