Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Бишкек: Мектептерде рэкетчиликке каршы ыктыярчы топтор түзүлөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык жаштар союзунун башчысы Рустам Юсупов билдирди. Ыктыярчы топтордун өкүлдөрү тартип коргоо органдары менен жолугушууларды өткөрүп, алар менен биргеликте иштешерин айтты. Аталган жаштар уюму ушундай топторду Ошто, андан соң Кыргызстандын баардык аймактарындагы мектептерде түзүүнү пландаштырып жатат, дейт Р. Юсупов. Былтыр ички иштер министри Молдомуса Конгантиев соңку жылдары өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук отуз пайызга көбөйгөнүн билдирген. Бул кырдаалга президент Курманбек Бакиев да тынчсызданып рэкетчилик көрүнүшү күчөп кеткенин айткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG