Президент Хамид Карзай Ооган парламентине жаңы өкмөт мүчөлөрүн сунуш кылат. Парламент төрагасы Юнус Кануни талкууга 18 адамдын ысмы берилерин билдирди. Карзай жаңы өкмөт мүчөлөрүн талкуулап, бекитүү үчүн парламентти кышкы дем алыштарын токтотууга буйруган. Парламент өткөн жумада Карзай сунуш кылган 24 адамдын жетөөсүн гана министрликке бекиткен.