Хорватияда кечээ президенттик шайлоонун экинчи айлампасы болду. Добуш берүүдөн кийинки өткөрүлгөн сурамжылоого ылайык, шайлоону оппозициядагы социал-демократтардын талапкери юрист Иво Йосипович жеңиши ыктымал. Йосиповичтин негизги атаандашы – борбор шаар Загребдин мэри Милан Бандич андан артта баратат. Эмки президент алдында өлкөнүн Еврошаркетке мүчө болуу мүдөөсүн ишке ашыруу, экономикалык кризиске каршы күрөшүү өңдүү оңой эмес максаттар турат.