Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

И. Исаковдун соту башталуунун алдында


Ушул тапта Бишкектеги аскердик гарнизондук соттун алдында эл чогулууда. Чогулгандардын арасында БЭКтин мүчөлөрү, социал-демократиялык партиянын парламенттеги өкүлдөрү, И. Исаковдун жакындары бар.

Мурдагы коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы И. Исаковго коюлган айыптар боюнча сот жараяны бүгүн саат 10:00 белгиленген. Анда айыпталуучуга сөз берилип, сот чечим чыгарышы күтүлүүдө.
И. Исаковго коргоо министри болуп турган учурунда кызматынан пайдаланган, Балыкчы аскер бөлүгүнөн автоунаа саткан деген айыптар менен кылмыш иши ал президент К. Бакиевдин мамлекетти башкаруу саясаты менен макул эместигин билдирип, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан баш тарткандан кийин, 2008-жылы декабрь айында козголгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG