Бишкек аскердик гарнизондук соту мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун сөзүн уккандан кийин, чечим чыгаруу үчүн танапис жарыялады. Соттун чечими бүгүн саат 16:00 белгилүү болот.
Бүгүн аскердик гарнизондук сотунун алдында И. Исаковдун 150дөй тарапкери пикетке чыгышты. Алар колдоруна “Соттон адилеттик талап кылабыз”, “Биз Исаковго ишенебиз” деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат.
Мурдагы коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы И. Исаковго коюлган айыптар боюнча сот жараяны бүгүн саат 10:00 белгиленген. Анда айыпталуучуга сөз берилип, сот чечим чыгарышы күтүлүүдө.
И. Исаковго коргоо министри болуп турган учурунда кызматынан пайдаланган, Балыкчы аскер бөлүгүнөн автоунаа саткан деген айыптар менен кылмыш иши ал президент К. Бакиевдин мамлекетти башкаруу саясаты менен макул эместигин билдирип, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан баш тарткандан кийин, 2008-жылы декабрь айында козголгон. Генерал өзү бул айыптоолорду четке кагып, муну бийликтин жасаган саясий куугунтугу деп түшүндүрүп келет.
Өткөн жылдын 14-декабрында болгон соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочулар И. Исаковду генералдык чининен ажыратуу менен үй-мүлкүн конфискациялоону жана 8 жылга эркинен ажыратууну соттон сурашкан.(ZKo)