Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

С. Аргынбаев жана Э. Бөлөкбаевдин телефондогу сүйлөшүүлөрү текшерилди


Бул туурасында коомдук жактоочу Наргиза Абдылдаева “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык, жаңы жыл алдында Фонекс мобилдик компаниясынан С. Аргынбаев менен Э. Бөлөкбаевдин 26- апрелге чейинки телефондук сүйлөшүүлөрүнүн тизмеси алынган. Тизмени текшерген учурда алар үстүбүздөгү жылдын 20- мартынан 26- апрелине чейин бир да жолу сүйлөшпөгөнү анык болгон. Буга байланыштуу эртең адвокаттар тарабынан камалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү жасалышы мүмкүн. Себеби Петровка окуясынын уюштуруучулары катары камакта жатышкандардын ичинен Э. Бөлөкбаев менен С. Аргынбаевге тополоң болор алдында телефон менен уюштуруу иштерин жүргүзүшкөн деген доомат коюлган болчу. (JJ)

XS
SM
MD
LG