Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Коомдук парламент президенттик шайлоо жыйынтыгын талкуулайт


15-январь күнү Коомдук парламент 2009-жылы өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын талкууга алат. Талкууга коомдук жана саясий ишмерлер чакырылып, ага жарандык коом жана тартип коргоо органдарынан өкүлдөр да катышат. Уюштуруучулар билдиришкендей, коомдук парламент президенттик шайлоодон кийинки өлкөдөгү абалга жана адам укуктарынын абалына баа берет.

Буга чейин Коомдук парламент 15-декабрда жыйын куруп, "өкмөттүн тариф саясаты элге каршы келет деп", - бийликке бир катар талаптарды койгон. Эгерде бийлик Коомдук парламент жолдогон катты жоопсуз калтырса расмий билдирүүлөр менен чыгуу тууралуу эскертилген.

Коомдук парламент оппозициялык күчтөр тарабынан мындан бир жарым жыл мурда түзүлгөн. Оппозиция былтыр 23-июлда өткөн президенттик шайлоодо добуш берүү мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилеп, анын жыйынтыгын тааныбай келет. (EK)

XS
SM
MD
LG