Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Түндүк Корея АКШны тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүгө үндөдү


Бул тууралуу Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат. Билдирүүнү өлкөнүн борбордук жаңылыктар агенттиги таратты. Анда белгиленгендей, Түндүк Корея менен АКШнын ортосунда ишеним орнотуу үчүн “тынчтык келишимин түзүү зарыл”. Ал документ 1950-53 –жылкы корей согушунун аякташына алып келген, ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну алмаштыруусу керек.

АКШнын айтымында, Түндүк Корея өзөктүк программасын токтоткон шартта, Вашингтон Пхеньян менен тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштай алат. Түндүк Кореяны жардам алып, анын ордуна өзөктүк программасынан баш тартууга көндүрүүнү максат кылган алты тараптуу сүйлөшүүдөн Пхеньян бир жылдай мурда чыгып кеткен. Сүйлөшүүгө Түндүк Кореянын өзүнөн тышкары Түштүк Корея, Кытай, Орусия, Жапония, АКШ катышып келген эле.

АКШнын Түндүк Кореядагы адам укуктары боюнча жаңы дайындалган өкүлү Роберт Кингдин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Вашингтон менен нормалдуу мамилени күткөндөн мурда расмий Пхеньян адам укуктары боюнча “үрөй учурарлык” абалды оңдоосу керек.

XS
SM
MD
LG