Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Хорватиядагы президенттик шайлоодо оппозициядагы партиянын талапкери жеңди

Шайлоонун кечээ өткөн экинчи айлампасынын жыйынтыгында оппозициядагы Социал-демократиялык партиянын талапкери Иво Йосипович 60,3% добуш менен жеңишке жетишти. Анын экинчи айлампадагы атаандашы, башкалаа Загребдин мэри, шайлоого көз карандысыз талапкер катары катышкан Милан Бандич 39,7%добуш алды. Элүү эки жаштагы Йосипович шайлоодо жеңгендиги анык болгондон кийинки сөзүндө Хорватиянын Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарып, өлкө 2012-жылга карата шаркетке кошулуусуна жетишүү үчүн “коррупцияга жана уюшкан кылмуштуулукка каршы келишкис күрөш” жүргүзүүнү убада кылды.
XS
SM
MD
LG