Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

“Ак жолчу” депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү Баткенде жолугушуу өткөрдү


Облустук акимчиликтин имаратында өткөн аймактын активи жана жашоочулар менен жолугушууга “Ак жол” фракциясынан 13 депутат, биринчи вице-премьер Акылбек Жапаров жана бир нече министрлик өкүдөрү катышты. Жыйында аймакта саламаттык сактоо, билим берүү тармагы көңүл жылытаарлык эмес экендиги, балдар өлүмү көп болуп жаткандыгы жана ирригация жааты жардамга муктаж экендиги айтылды. Айтылган маселелер боюнча биринчи вице-премьер Акылбек Жапаров жакынкы үч ай бою тиешелүү өкмөт мүчөлөрү менен Баткенге ай сайын келип, жыйын өткөрүп турууга убада кылды. Ал эми депутаттар Баткен ооруканасынын абалы менен таанышып, саламаттык сактоо министрлиги менен тиешелүү чараларды көрөөрүн айтышты. (JsA)

XS
SM
MD
LG