Кыска убакытка гана созулган аскерий козголоң былтыр май айында борбор Тбилисинин чет жакасындагы аскерий базада орун алган эле. Тбилиси сотунун бүгүнкү өкүмүнө ылайык, өкмөттү кулатуу максатында козголоң чыгарганы үчүн айыпталган башкы үч адамдын ичинен Коба Отанадзе 29, Леван Амиридзе 28, Шота Горгиашвили 19 жылга кесилди. Алардан башка дагы он беш айыпкер үч жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратылды. Ал эми Грузиянын атайын күчтөрүнүн мурдагы командачысы, учурунда козголоң үчүн эң башкы шектүү катары кармалган Коба Кобаладзе сот тарабынан акталып, бошотулду. Айыпкерлердин адвокаттары бүгүнкү өкүмгө каршы аппеляциялык арыз берилерин билдиришти.
Грузиядагы аскерий козголоң грузин оппозициясынын президент Михаил Саакашвилинин өкмөтүнө каршы үч айга созулган нааразылык акциясын коштой орун алган эле. Оппозиция элдин коңүлүн нааразылык акциясынан алагды кылуу үчүн козголоңду өкмөт өзү уюштурган деп жоромолдогон. Расмий Тбилиси болсо козголоңчуларды Орусия колдогон жана каржылган деп билдирген. Москва мындай айыптарды четке каккан.