Иранга каршы санкция киргизүү мүмкүнчүлүгү ушул жуманын этегинде каралмакчы. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон билдирди. Тегерандын атомдук программасы айлансындагы маселелерди Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү жана Германиянын расмий өкүлдөрү Нью-Йорк шаарында талкуулашат. Клинтондун айтымында, Обама администрациясы Иранга кысым көргөзүү үчүн өлкөнүн башкаруудагы элитасына каршы санкция колдонуу керек деп эсептейт. Азырынча жазалоо чаралары жөнүндө соңку чечим кабыл алына элек.