Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Футболчуларга кол салууга тиешеси бар делген 2 киши кармалды


Анголанын полициясы Тогонун футбол командасына болгон кол салууга тиешеси бар деп шектелген 2 кишини кармады. Анголанын улуттук радиосу кабарлаганына караганда, алар чабуул болгон Кабинда анклавында колго түшүрүлгөн. Өткөн жума күнү тоголук футболчулар Конго менен Анголанын чек арасын кесип өткөндөн кийин аткылоого туш болушкан. Машыктыруучунун жардамчысы жана команданын маалымат катчысы ошондой эле айдоочу мерт болуп, 9 киши жараат алган. Тоголук оюнчулар Африка кубогуна катышмак, бирок окуядан кийин мекенине кайтып кетишти.

XS
SM
MD
LG