И. Исаковдун камалышына жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу оппозициялык кыймыл өз пикирин билдирмекчи. Бул тууралуу “Азаттыкка” бириккен элдик кыймылдын уюштуруу штабынын мүчөсү Азимбек Бекназаров маалымдады.
Кечээ Бишкек аскердик гарнизондук соту мурдагы коргоо министри БЭКтин саясий бюро мүчөсү И. Исаковду “министрликке тиешелүү үйдү уулуна өткөрүп берген” деген кине менен генералдык чининен ажыратып, 8 жылга эркинен ажыраткан. Батир 2007-жылы эле көп балалуу аскер кызматкерине И. Исаков тарабынан берилгенин сотто көрсөтмө берген күбөлөр тастыкташкан.(ZKo)