Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

Өмүрбек Текебаевге операция жасалды


Бүгүн эртең менен Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүндө белгилүү оппозиция лидери, “Ата Мекен” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин белине операция жасалды. Омурткаларынын ортосуна эт өсүп кетип Текебаев акыркы күндөрү төшөктө эле. Ага операцияны белгилүү нейрохирург Буранбек Дүйшеев жасагынын “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алманбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда Ө. Текебаевдин саламаттагы дурустап калды. “Ата Мекен” жакынкы күндөрү белгилүү оппозициялык ишмер И. Исаковдун камалышы боюнча билдирүү жасамакчы. Партия мурунку коргоо министри И. Исаковдун 8 жылга эркинен ажыратуу моралдык жана юридикалык жактан акылга сыйбаган иш катары баалайт. (EK)

XS
SM
MD
LG