Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Алайлыктар каршылык акциясын улантууда


8 жылга эркинен ажыратылган оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаковдун тарапкерлери Алай районундагы Сопу-Коргон айылынын кире беришине боз үй тигишти. 50 чакты адам мурунку коргоо министри Исмаил Исаковго сот адилетсиз өкүм чыгарды деп нааразылык акция өткөрүп жатат. Бүгүн алар жолугууга келген обулустун губернаторунун биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаев жана райондун акими Алмазбек Осмоновго оппозиция лидери Исмаил Исаковду актоо тууралуу президентке жолдонгон кайрылуу катын тапшырышты. Аким алайлыктардын талабын президентке жеткирип, бир күндөн кийин жообун берүүгө ишендирип өттү. Бул арада облустук ички иштер башкармалыгынын бир катар жетекчилери үч автобус милициянын атайын даярдыктагы кызматкерлери менен акция катышуучуларына көз салып турду. Ушу сааттарга акция катышуучулары тарабастан, боз үй алдында от жагып олтурушат. (EK)

XS
SM
MD
LG