Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Алестер Кэмпбел: Ирак согушун баштоо туура болгон


Британияда Ирак согушуна байланыштуу коомдук иликтөө уланууда. Комиссиянын алдында сүйлөгөн экс-премьер-министр Тони Блэрдин мурдагы маалымат катчысы Алестэр Кэмпбел британ эли өлкө армиясы ал өлкөдө жасаган иштери үчүн сыймыктанышы керек деп билдирди. Ал Блэрдин өкмөтү аскерлерди Ирак согушуна жиберүү үчүн бурмаланган маалыматтарды колдонсо да, кечирим сурай тургандай иш жасаган жок деди. Кэмпбел АКШ жана Британиянын согуш стратегдери Саддамдын кулатылышы көпкө созулган урушка алып келеерин болжолдой алышкан эмес деп моюнга алды. Бирок Британия диктатордун режимин ойроң кылуу менен чоң кызмат аткарды, - деп эсептейт Британ өкмөт башчысынын мурдагы маалымат катчысы. Блэр болсо ушул айдын соңунда же февралдын башында көрсөтмө берет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG