Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Сопу-Коргон айылынын кире беришинде эл чогулууда


Экс-коргоо министри Исмаил Исаковдун азаттыгын талап кылышкан анын тарапкерлери Алай районунун Сопу-Коргон айылынын кире беришине боз үй тигишип кечээ мөөнөтсүз нааразылык акциясын баштаган. “Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерин үч автобус менен алып барып Алай районунун айылдарынын кире беришине коюп коюшкан. Милиция кызматкерлери айылдардан кишилерди чыгарбай, кырдаалды көзөмөлдөп турушат”,-деп билдирди Оштогу “Азаттыктын” кабарчысы. Нааразылык билдиришкен Алайдын тургундары кечээ (12-январда) президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдошуп, И.Исаковду абактан бошотууну, сотту адилет, акыйкат жүргүзүүнү талап кылышкан. Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров алайлыктардын кайрылуусун президентке жолдогонун, “ак үйдөн” жооп күтүп жатканын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG