Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Г.Павлюктун өлүмү боюнча Казакстан ИИМи маалымат берди


Астанада Казакстандын ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Куанышбек Жуманов брифинг өткөрүп, кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын бир нече жарандарынын катыштыгы бар экендигин билдирди. Бул тууралуу Алматыдагы “Азаттыктын” казак кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, К.Жуманов 11-январда Казакстандын ички иштер министринин орун басары Амантай Аубакиров жетектеген ички иштер кызматынын атайын тергеп-иликтөө тобу Кыргызстандын укук коргоо органдары менен биргелешип иштөө үчүн кеткенин белгилеген. Алар Кыргызстандын ички иштер министринин 1-орун басары Сабырбек Курманалиев жана башкы прокурордун орун басары менен жолугушкан. Казакстандын Башкы прокуратурасы Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу факты боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөгө укуктук жактан көмөк көрсөтүүгө Кыргызстандын укук коргоо органдарына эл аралык тапшырма жолдогон.

16-декабрда Алматыдагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Г. Павлюкту белгисиз бирөөлөр 6-кабаттан ыргытып жиберишкен. Журналист өзүнө келе албай жатып 22-декабрда ооруканада каза болгон. Кыргызстандагы айрым оппозициялык саясатчылар муну саясий буйрутма катары баалап келатышат. Бирок ошол эле учурда расмий тараптар мындай жүйөөнү четке кагып келет. (AJ)

XS
SM
MD
LG