Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Түрк премьер-министри бүгүн Д.Медведев менен жолугат


Ырасмий сапарынын алкагында бүгүн Москвада Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен жана премьер-министр Владимир Путин жолукмакчы. Сүйлөшүүлөр маалында эки мамлекет ортосундагы энергетика, коопсуздук жана экономикалык байланыштарды чыңдоо маселеси козголот. Түркия менен Орусия Кара деңиздин түбү менен өтө турган газ кууруна байланыштуу макулдашкан болчу. «Түштүк ирим» деп аталган бул газ кууру Орусиянын газын Түркиянын аймагы аркылуу Европа мамлекеттерине сатууга багытталган. Жолугушуулар маалында мындан тышкары Түркияда биринчи атом электр станциясын куруу маселеси да козголот делип жатат.

XS
SM
MD
LG