Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:44

Т.Бакиева ибадаткананын коңгуроо орнотуу аземине катышты


Бүгүн Кыргызстандын Биринчи айымы Татьяна Бакиева менен Орто Азия жана Ташкент Митрополити Владимирдин катышуусунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленинск айылында Ыйык Марияга багышталган ибадаткананын коңгуроолорун орнотуу аземи болуп өттү.
Т.Бакиева орнотууга даярдалып коюлган коңгуроолорду Митрополит Владимирдин, ошондой эле 9 жаңы коңгуроону жасатууга жана Бишкекке жеткирүүгө демөөрчү болгон россиялык ишкер Владимир Кириктин коштоосунда көрүп чыкты. Андан соң Митрополит Владимир иш-чаранын катышуучуларын бул күнкү саамалык менен куттуктады.
Маалымдама:
Ленинское айлы 100 жыл илгери Бессарабиядан, Молдавиядан, Украинадан жана Россиядан көчүп келген адамдар тарабынан негизделген. Азыркы учурда айылда 12 миң калк жашайт, алардын басымдуу бөлүгүн орус тилдүү жарандар түзөт. Храм айыл негизделгенден кийин эле курулган, бирок 30- жылдары жабылып, кийинчерээк биротоло урап калган.
Жаңы коңгуроолор Кыргызстан парус спортунун федерациясынын Ардактуу президенти, россиялык ишкер Владимир Кириктин тапшыруусу боюнча даярдалган. Алар россиялык заводдордо байыркы чеберлердин купуя сырларын пайдалануу жана чиркөөлөрдүн бардык эрежелерин сактоо менен куюлган. Салмагы 450 кг келген коңгуроонун негизги тулкусуна айыл элине, бул тартууну жасаган Кириктин үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдары боюнча иконалар тартылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG