Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Бүгүн Петровка окуясы боюнча сот уланат


Бул тууралуу адвокат Азимбек Бекназаров билдирди. Сотто күбөлөрдүн суралышы белгиленген. Өткөн жылы Петровка айылында орун алган баш-аламандык боюнча “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бүлекбаев, Сапар Аргымбаев жана Уран Рыскулов айыпталып жатат.
Азимбек Бекназаров Петровка, Балыкчы окуялары боюнча айыпталгандардын жана Исмаил Исаковдун адвокаты болуп келатат. Анын айтымында, ал 13-январда кечинде Бишкек гарнизондук соттун Исмаил Исаковго чыгарган өкүмүн алды. Эми апелляциялык арыз менен жогорку сот инстанциясына кайрылууга даярдык көрөт. (AiT)

XS
SM
MD
LG