Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

Депутат чет өлкөлүктөр асырап алган балдардын маселесин эске салды


Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынан депутат И.Жунусов парламенттеги президенттин өкүлүнө кайрылып, өткөн жылы парламентте көтөрүлгөн чет өлкөлүктөр Кыргызстандан асырап алган ата-энесинен кароосуз калган 179 баланын маселесин эске салды. Анын айтымында, асыранды 166 баланын эле документтери толтурулуп, мыйзамдаштырылган. И.Жунусов “Бул маселеге тиешеси бар адамдар жоопко тартылганбы? Дагы 68 баланы чет өлкөлүктөргө асыранды кылып берүүгө документтер даярдалып жатабы?”, -деген суроо узатты. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Эсеналы Досалиев чет элдик атуулдарга балдарды мыйзамсыз асыранды кылышкан күнөөлү адамдар мыйзамдын чегинде жазаланышарын, бул маселе президент Курманбек Бакиевдин жеке көзөмөлүндө экендигин айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG