Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Петровка окуясы боюнча сот уланууда


Бул тууралуу “Жашылдар” партиясынын төрага орун басары Наргиза Абдылдаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү сот жараянында Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Жеңишбек Жоробеков көрсөтмө берип, анын сотко берген айрым жооптору мурдагы жазган көрсөтмөлөрү менен эки ача чыкты. Ушул тапта саат 11де башталган сот жараяны улантылууда.
Өткөн жылы 26-апрелде Петровкада күрд улутундагы тургун 4 жашар кызды зордуктагандыгына нааразы болуп жергиликтүү тургундар айылдагы күрд улутундагылардын үйлөрүн талкалашкан. 27-апрелде Москва райпрокурору Кубанычбек Алышпаев, милициянын райондук бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Жоробеков өз милдетине шалаакы мамилеси үчүн кызматтарынан бошотулган.
Петровка окуясына күнөөлүү делип оппозициядагы “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, укук коргоочулар Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов кармалышып, тогуз айдан бери абакта отурушат. (AJ)

XS
SM
MD
LG