Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

Өнүктүрүү кору Кытайдын өнүктүрүү банкы менен кызматашууга кызыкдар


Бул туурасында өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси Максим Бакиев Кытай мамлекеттик өнүктүрүү банкынын президенти Чжан Чаолян менен болгон жолугушууда билдирди.
Максим Бакиев Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго Кытай мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Кыргызстандын өнүктүрүү кору менен бирдикте катышуусуна кызыкдарлыгына басым жасады.
Чжан Чаолян Кытай мамлекеттик банкы Кыргызстанды өнүктүрүү кору менен Кыргызстанда түрдүү долбоорлорду кредиттөөдө кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи. Ошону менен бирге Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкы адистерди алмашууга, топтогон тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярдыгын ырастады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Баш кеңсеси Пекинде жайгашкан 23 бөлүмдөн турган Кытай мамлекеттик өнүктүрүү банкы 1994-жылы 17- мартта түзүлгөн. Анын уставдык кору 50 млрд. юанды түзөт. (AJ)

XS
SM
MD
LG