Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

М.Бакиев Шанхай фондулук биржасынын өкүлү менен жолугушту


“Биз эки мамлекеттин фондулук биржаларынын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташуусун жөнгө салууга умтулуудабыз”,- деди өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Жетекчиси Максим Бакиев Кытай Эл Республикасына жасаган жумушчу сапарынын алкагында 2010-жылдын 13-январында, Шанхай фондулук биржасынын директорунун орун басары Лю Сяодун мырза менен болгон жолугушууда.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин фондулук биржаларынын ортосунда кызматташууга байланыштуу актуалдуу башка маселелер дагы талкууланып, Шанхай фондулук биржасы менен Борбордук Азия фондулук биржасынын ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумдун долбоорун иштеп чыгуу тууралуу макулдашууга жетишишти.

Андан соң кыргыз делегациясы Шанхай шаарынын вице-мэри Тан Дэнцие мырза менен жолугушту. Шаардын вице-мэри быйыл 1-майдан тартып 31-октябрга чейин Шанхайда “ЭКСПО-2010” Бүткүлдүйнөлүк көргөзмө өткөрүлөөрүн айтып, кыргыз делегациясын аны көрүп кетүүгө чакырды. “Бул иш сапарыңыздар биздин жакшы коңшулаштык мамилелерибизди мындан ары тереңдетүүгө жана чындоого жакшы өбөлгө түзөт деп үмүттөнөм”,- деди Тан Дэнцие мырза.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошону менен катар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун айрым аспектилери талкууланды.

Бул өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси Максим Бакиевдин Кытай Эл Республикасына жасаган жумушчу сапарынын алкагындагы соңку жолугушуусу болду. М.Бакиевди иш сапарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик министри К.Сарбаев, финансы министри М.Султанов, энергетика министри И.Давыдов, КР Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Б.Закиров жана бир катар финансылык, энергетикалык жана транспорттук компаниялардын жетекчилери коштоп жүрүштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG