Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата-Мекен” партиясынын төрага орун басары, ачкачылык жарыялагандардын ден-соолугуна көз салып жаткан Ташболот Балтабаев билдирди. Аларга даарыгер катары нааразылык акцияга катышуудан баш тартууга сунуш бергенин айтты. Бирок алар макул болгон жок, дейт Т. Балтабаев. 11-январда мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков сегиз жылга эркинен ажыратылгандан кийин Бириккен элдик кыймыл атайын комитет түзгөн. Комитети ачкачылык акциясын баштап ага азыр он чакты адам катышып жатат. (EBM)