Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Ачкачылык уланууда


Саясий камактагыларды бошотуу талабы менен Бишкекте башталган ачкачылык акциясы бүгүн да уланып жатат. Иш-чаранын демилгечиси Т. Тургуналиевдин “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча Сейил Кыштобаеванын кан басымы көтөрүлүп кеткенине байланыштуу дарыгер-кардиолог Т. Балтабаевдин сунушу менен ачкачылыкты токтотуп, үйүнө кеткен. Ачкачылык жарыялагандардын катарына бүгүн 10-киши – Кара-Суу районунун тургуну Алима Турганбаева кошулду.
Т. Тургуналиевдин айтуусунда азырынча саламаттыкты сактоо министрлиги акциянын катышуучуларынын абалы менен тааныша элек. Ачкачылык жарыялагандар өздөрүнүн ден соолугуна көзөмөл кылуусун өтүнүп, саламаттыкты сактоо министрлигине кат менен кайрылган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги буга байланыштуу жообун бере элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG