Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:09

Сокулукта мыйзамсыз жер сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду


Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча Сокулук районундагы Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысына мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн КР КЖКнин 305-беренеси боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып тагылды. Башкы прокуратуранын суроосу менен айыл өкмөт башчысы камакка алынды. Азырынча анын аты-жөнү ачык айтылбай жатат.(ZKo)
XS
SM
MD
LG