Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров Алай районунда стратегиялык маанидеги Ош-Эркечтам канжолун тоскондорго жана жол боюна боз үй тигип, санкциясыз нааразычылык акциясын уюштургандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт деп билдирди “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде. Губернатор ошондой эле мурунку коргоо министри Исмаил Исаковдун таламдаштарынын өкүлдөрү менен жолугушууга президент Бакиевдин убактысы жок деп белгиледи. Анын айтуусунда алайлыктар дагы ээнбаштык кылып, мыйзамсыз аракеттерге барганын токтотпосо мындан да катуу чаралар көрүлүшү мүмкүн.
Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров 14-январда нааразылык акциясы өтүп жаткан Сопу-Коргон айлына барып, жергиликтүү элден тарап кетүүсүн сураган. Акциянын катышуучуларынын айтуусунда элдин жолдон күч менен чыгарылып, боз үйлөрдүн чечилишине губернатордун буйругу негиз берген.(ZKo)