Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Мамлекеттик Дума адам укуктары боюнча протоколду жактырды


Бүгүн Орусиянын мамлекеттик Думасы адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын 14-протоколун 392 добуш менен жактырды, каршы болгондордун саны 56 болду. Ушуну менен Орусия Европа кеңешиндеги 47 мамлекеттин эң акыркысы болду. Протоколго ылайык эми Европанын адам укуктары боюнча соту арыздарды тездетип кароого өтмөкчү. Документке жараша эми арыз түшкөн мамлекеттин өзүндө иш боюнча иликтөө жумуштары жүрө баштайт. Европа сотуна түшкөн арыздардын бештен бир бөлүгү Орусиядан келет. Протоколду ратификациялоону президент Дмитрий Медведев колдоого алды.

XS
SM
MD
LG