Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Аксыда И. Исаковду коргоо комитети түзүлдү


Коргоо комитети БЭКтин аймактагы өкүлдөрү жана Аксы окуясында октон жараат алгандар менен куралды. Алар эл чогулган жыйында И. Исаковду 8 жылга эркинен ажыраткан соттун чечимине нааразы болушту. Оппозициялык саясатчыларга жасалган куугунтуктоону токтотуу талабын койгон кайрылуу кабыл алышты. Генерал депутат кезинде маркум Д. Садырбаев экөө парламенттин сессиясында 2002-жылы Кербенге бараткан элге атылган окторду көрсөтүү менен Аксы окуясынын ачылышына зор эмгек жасаганын белгилешти. Мурдагы коргоо министрин бошотуу боюнча Бишкектеги жана Алайдагы каршылык акцияларын колдоорун билдиришти. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Аксыдан комитет башчынын орунбасары Кубаныч Маматкеримов маалымдады. (YA)

XS
SM
MD
LG