Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Украинадагы шайлоого кыргызстандык байкоочулар да катышууда


Украинадагы президенттик шайлоого көз салган кыска мөөнөттөгү байкоочулардын катарында Кыргызстандан үч депутат катышууда. Украинага ЕККУнун чакыруусу боюнча Социал-демократиялык фракциянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Отунбаева, КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын чакыруусу менен “Ак Жол” фракциясынан Алишер Сабиров барган. Ошондой эле европалык өлкөлөрдүн байкоочулар миссиясы ЕНЕМОнун мандаты менен кыргызстандык 20 байкоочу да катышууда. Украинада президенттик шайлоо 17-январда өтөт. Президенттик кызмат үчүн 18 талапкер ат салышууда, алардын арасында Саргылт ыңкылаптын жеңиш ээлери Виктор Ющенко менен Юлия Тимошенко жана маскөөчүл саясатчы Виктор Янукович бар. (KCh)

XS
SM
MD
LG