Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Гаитинин башкы аба майданы көзөмөлгө алынды


Шейшембидеги зилзаладан катуу жапа тарткан Гаитинин баш калаасы Порт-о-Пренстин эларалык аба майданына сырттан дагы көп жардам келиши күтүлүүдө. Андыктан жергиликтүү бийликтер аба майданынын ишин жөнгө салууну америкалык аскерлерден суранышкан (ал жердеги көзөмөлдөөчү мунара кыйрап калган эле).

Өлкөдө коопсуздукту коргош үчүн Америка 10 миңдей аскерин жиберип жатат. Бүгүн ал жерге АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон да бараары күтүлүүдө. Урандылар астында калгандарды куткаруу иши дале уланып жатат. Күчү 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 100 миңден ашуун адам өлгөн болсо керек дешет.

Улуттар уюмунун маалыматына караганда, борбор шаардын батыш жагындагы Леогане шаарчасы зилзаладан “эң көп жапа тарткан жер" болду. Андагы имараттардын 90% жер менен жексен болгон. Ошол шаарчанын өзүндө эле 5 миңден 10 миңге чейин адам өлгөн болсо керек дешет.

XS
SM
MD
LG