Иракта мурдагы президент Саддам Хусейндин тууганы Али Хасан Ал Маджид дагы бир жолу өлүм жазасына өкүм кылынды. Бул чечимди Ирактын жогорку Трибуналы чыгарды. 1988-жылы күрддөр жашаган Халабаджа шаарчасын химиялык курал менен кырганга дал ушул Али буйрук берген делет. Ал окуядан 5 миңдей адам набыт болгон эле. Хусейндин тушунда жогорку кызматтарда иштеген дагы бир топ адамга ар кандай өкүм чыгарылды.