Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Пан Ги Мун Гаитиге барды


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жекшембиде Гаитиге барды. Баш катчы зилзаладан жапа чеккендерге туш жактан жөнөтүлгөн гуманитардык жардамды багыттап (координациялап) туруу жолдорун талкууламакчы. Нью-Йорктон аттанаардын алдында ал жардамга түшкөн бир да доллар максатсыз пайдаланбашы керек деп белгиледи.
Бириккен Улуттар уюму ушу тапта 40 миңдей кишини тамак-аш менен камсыз кылууда. Бул сан бир айдын ичинде 2 миллион кишиге жеткирилет деп күтүлүүдө. Жекшембиде Гаитиде АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон да болуп кетти. Президент Рене Превал менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Клинтон Гаитинин тургундарына кайрылып, АКШ бар жардамын берет деп ишендирди. Бул арада Европа комиссиясынын Гаитидеги өкүлү жер титирөө учурунда каза тапканы маалым болду. Өткөн шейшемби, 12-январь күнү болгон зилзаланын күчү 7 баллга жеткен.

XS
SM
MD
LG