Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Ооганстан Гаитиге жардам берет


Ооганстан да Гаитидеги зилзаладан жабыркагандарга жардамын жөнөтүүдө. Президент Хамид Карзайдын кеңсеси тараткан билдирүүгө ылайык, Кабул гаитиликтерге 200 миң доллар жардам бөлдү. Буга чейин да Ооган өкмөтү табигый кырсыктарга туш болгон өлкөлөргө көмөк берип келген. Алсак, акыркы жолу Пакистандын Кашмир чөлкөмүндө болгон жер титирөөдөн жапа чеккендерге медициналык жардам сунуш кылынган. Ооганстан өзү эң жарды мамлекеттердин катарына кирет.

XS
SM
MD
LG