Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:56

АКШ Ооган өкмөтүнүн демилгесин колдойт


Америка Кошмо Штаттары байистүү жана терроризмге берилбеген талиптерди Ооганстандын коомдук турмушуна тартуу долбоорун колдойт. Вашингтондун Ооганстан жана Пакистандагы чабарманы Ричард Холбрук бул маселени кечээ ооган президенти Хамид Карзай менен талкуулады.
Кабулдун планына ылайык, талиптердин тарабында согушуп, бирок куралын таштоону каалаган 10 миңдеген адамга жумушка орноштуруу, кесиптик даярдыктан өткөрүу жана башка экономикалык жардам берилмекчи.
Талип лидерлери болсо чет өлкөлүк аскерлер Ооган жергисинен чыгарылмайынча, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышпасын айтышууда.

XS
SM
MD
LG